Паспортторду жыйнап алуу башталдыбы?

Паспортторду жыйнап алуу башталдыбы?

Шайлоодо адамдардын укугун түшүндүрүү иштери БШКнын мойнунда. Мына дал ушул маанилүү маселе боюнча БШКнын мүчөсү Назари Арипов «Марал» радиосуна маек берүүдө. “Бизге паспортторду жыйып алуу, “кызматтан кетесиң!” деп коркутуу боюнча жана өзүнүн участогунда аты-жөнүн таппай калуу маселеси боюнча маалыматтар түшүүдө. Биз колдон келишинче түшүндүрүп жатабыз, тилекке каршы, жалпы коомчулукка маалыматыбыз жакшы жетпей жатат окшойт”,-деди Арипов.

Паспортту чогултуп алуу өзгөчө квартирада жашап жаткан жашоочулар кварталдык башчыларга, ал эми тигүү цехинде иштеген тигүүчүлөр жетекчисине беришери белгилүү эле иш.

Урматтуу шайлоочулар! Эгер кимдир бирөө паспортуңузду коркутуп сураса, анда дароо БШКга кайрылыңыз. Алар сиздин укугуңузду түшүндүрүп беришет. Добушуңузду сатпаңыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.